• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы Конституцияга ылайык, президент өлкөдөгү ар бир окуяга жеке жооп берет — Акун

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент өлкөдө болуп жаткан ар бир окуя үчүн жеке жооп берет. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчынын жоопкерчилиги Баш мыйзамдын 73-беренесинде жазылган. Ошондой эле анда мамлекет башчысына импичмент жарыялоо жөнүндө жазылган.

“Жаңы Конституцияда импичменттин жол-жобосу бир топ жеңилдетилген. Эгерде буга чейин 120 депутат талап кылынса, эми алардын саны 90го жетет. 45тен ашуун депутат президентке импичмент жарыялоо укугуна ээ. Алар ишти Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко өткөрүп беришет. Эгерде Башкы прокуратура коюлган айыпты тастыктап, Конституциялык палата Башкы прокурордун корутундусун колдосо, анда президент кызматтан кетет”, - дейт ал.

Турсунбек Акун президент элдик курултайдын алдында жооп берерин белгиледи.

“Жогорку Кеңешке отчет берет. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын бардыгы үчүн президент жеке өзү жооп берет. Элдик курултай Конституцияга 700-800дөй адамды камтыган коомдук институт катары киргизилген. Башкача айтканда, президент дагы, парламент дагы курултайдын алдында жооп берет, бирок курултайга бюджеттен бир сом дагы бөлүнбөйт”, - деди Акун.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде Конституция боюнча референдум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий