• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

9нан 12-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.11.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9нан 12-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 9-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

11-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

12-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 12-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий