• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда соттолгон аялдарды кармоо үчүн обочолонгон имараттар ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылында жайгашкан №2-түзөтүү колониясында соттолгон аялдарды кармоо үчүн атайын обочолонгон имараттар ачылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине КР президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Адилет Жанузаков, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Замирбек Надырбеков,Юстиция министри Аяз Баетов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ЖАКнын кызматкерлери жана башкалар катышты.

Катышуучулар жалпы режимдеги жаза өтөөнүн катуу кадимки жана жеңил шарттарында өтөө үчүн имаратты жана күчөтүлгөн режимдеги обочолонгон участокту карап чыгышты.

Ошондой эле "Келечек" мамлекеттик ишканасынын тигүү цехин, наабайкана, медициналык бөлүмдү, балдар үйүн жана операторлордун видеокөзөмөл бөлмөсү менен таанышышты.

Андан ары ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев кызматкерлерге жана чакырылган конокторго сөз сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бул объектилердин курулушу жаза аткаруу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында ишке ашырылды, аларга ылайык республиканын түзөтүү абактарында белгиленген режим ар түрдүү категориядагы соттолгондорду өзүнчө бөлүп кармоону камсыз кылат. Бул режимдин эң маанилүү талаптарынын бири жана аны туура ишке ашыруудан айрым түзөтүү мекемесинин гана эмес, жалпы системанын ишинин коопсуздугу көз каранды", - деди.

Ошондой эле, КРда ишке ашырылып жаткан соттук укуктук реформанын алкагында жаза аткаруу мыйзамдарына соттолгондордун кадимки, жеңилдетилген жана катуу шарттарда жаза өтөөсүн камтыган өзгөртүүлөр киргизилгендиги белгилүү.

Атайын контингенттин жүрүм-турумуна, абакта белгиленген тартип эрежелерин сактоосуна жараша алардын кармоо шарттарын өзгөртүү чаралары соттолгондорго таасир этүүнүн бир ыкмасы катары жаза аткаруу системасынын натыйжалуу элементи жана да алардын мыйзамга баш ийүүчү жүрүм-турумуна өбөлгө түзүүчү фактор болуп эсептелет.

“Түзүлгөн участоктор жаза аткаруу ишин натыйжалуу алып барууга зарыл шарттарды түзүүнү, соттолгондорго түзөтүүчү-тарбиялоочу таасир этүүдө алардын ар башка категорияларына дифференцияланган жана индивидуалдуу мамиле жасоону, оңолууга ниеттенген соттолгондордун укуктарын сактоону жана аларды криминалдык чөйрөдөн коргоону, жаза өтөө учурунда оң же терс мүнөздөгү жүрүм-турумуна жараша алардын кармоо шарттарын өзгөртүүнү камсыз кылат.

Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан реформалар мындан ары да ийгиликтүү улантыларына жана жаза өтөө шарттарынын градациясы жаза аткаруу мыйзамдарына ылайык акырындык менен республиканын бардык түзөтүү абактарында камсыздалат деп терең ишенем”, - деди Аскат Эгембердиев.

Белгилей кетсек, КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №2-мекемеси кыз-келиндер кармалуучу жападан жалгыз түзөтүү колониясы болуп саналат, ошондуктан анда биринчи жолу соттолгондор да, мурда эркинен ажыратылгандар да, жашы жете электер да чогу эле жазасын өтөп келишкен.

Кыргызстанда сот-укуктук реформанын алкагында шарты бар 3 режимдеги обочолонгон участоктун курулушу ишке ашырылды.

Курулуш иштери 2020-жылдын июль айында башталып, 2021-жылдын ноябрь айында аяктаган. Төмөнкү объектилерди куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлдү:

- 40 орундуу жатакана;

- 24 орундуу жатакана;

- 80 орундуу жатакана;

- 2 автономдуу откана;

- №2 мекеменин участогуна асфальт-бетон төшөө;

- өткөрүү пунктун оңдоо.

Объектилердин жалпы сметалык баасы республикалык бюджеттен бөлүнгөн 169 млн 979 миң 407 сомду түздү.

Белгиленгендей, обочолонгон атайын участкаларды куруу ар кандай категориялардагы соттолгон аялдарды кармоонун режимине ылайык, өзүнчө кармоого мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде соттолгондордун өтө коркунучтуу, терс бөлүгүнүн жаза өтөп жаткан башка адамдарга таасирин тийгизүүсүн азайтат.

Пикир

Оставить комментарий