• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүүдө — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел боо күрөшү боюнча Гран-при мелдеши өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук оюндар боюнча дирекциясынын маалымат катчысы Табылды Асыгалиев билдирди.

Анын айтымында, коомдук ишмер Баяман Эркинбаевди эскерүү мелдеши быйыл 10 ирет өтүп, ага Иран, Украина, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 160 спортчу катышууда.

Мелдеш эркектер (эркин жана классикалык түрү боюнча 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг) жана аялдар (эркин – 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, +70 кг.) арасында өтүүдө.

“Мелдештин салтанаттуу ачылышы бүгүн саат 18:00дө болот жана жеңүүчүлөр да бүгүн аныкталат. Женүүчүлөр жана байге ээлери атайын диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Ошондой эле мелдештин жеңүүчүлөрүнө алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылат. Жалпы байге фонду 540 миң сом. Баш байге автоунаа жана 1 миң 500 долларлык сертификат тапшырылат”, - дейт ал.

Аталган мелдешти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча департаменти, Улуттук оюндар боюнча дирекциясы жана Алыш эл аралык федерациясы өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий