• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Реал” командасы футбол боюнча Испаниянын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. “Реал” командасы футбол боюнча Испаниянын чемпионатынын 37-турунда “Вильярреал” клубун жеңип чемпион аталды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Оюн 3:1 эсебинде аяктады. Мындан улам “Реал” командасы 34-жолу Испаниянын чемпиону болууда. Акыркы жолу аталган клуб 2016-2017-жылкы сезондун жыйынтыгында чемпион болгон.

Былтыр бул наамга “Барселона” командасы татыган. Бул жылы барса 79 упайы менен экинчи орунда келе жатат. “Реал” 86 упай топтоп, сезон аяктаганга чейин эле жеңишти камсыздап алды.

Пикир

Оставить комментарий