• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сорос-Кыргызстан" фонду Ош облустук ооруканасына дары-дармектерди берди

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. "Сорос-Кыргызстан" фонду Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасына жана ыктыярчы медиктердин көчмө топторуна гуманитардык жардам катары коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармектерди берди.

Фонд ооруканага Эноксапаринден 900 таңгакча, Гепаринден – 670, Цефепимден – 5 миң, Клександан 500 таңгакча берген.

Агат-Нур медиктердин көчмө тобунун ыктыярчысы Сахиба Шакирова дары-дармектердин ар биринде "Сатууга болбойт!" деген жазуу бар экенин айтат. Дары-дармектен тышкары фонд ыктыярчы-медиктердин көчмө топторуна жана аймактагы ооруканаларга респиратор, дезинфекциялоочу каражат, жеке коргонуучу каражаттарды берген.

Ошентип фонд 7 облустук ооруканага жана Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматына коронавирусту дарыялоодо колдонулуучу дары-дармектерди сатып берди.

Пикир

Оставить комментарий