• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР айрым мыйзам актыларына, анын ичинен "КР Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, бүгүндөн тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы (Укук бузуу кодексинин 177-180-беренелерине жана 182-200-беренелерге салынган айып пулдар) эреже бузууларга салынган кошумча туумдар жокко чыкты.

Демек, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулчу.

Ошентип, бүгүндөн тарта айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий