• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.

Минкаб төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргызстандын аймагында бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болду.

Пикир

Оставить комментарий