• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргызстан «ЕБ – БА» экономикалык форумун үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнү демилгеледи

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Европа биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунун пленардык жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Төмөндө билдирүүнүн текстин келтиребиз:

«Урматтуу Домбровскис мырза!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Бүгүн биз Европа биримдигинин вице-президенти Домбровскис мырзанын катышуусунда “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” (ЕБ-БА) биринчи экономикалык форумун өткөрүп жатабыз.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ошондой эле эл аралык каржы уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Форумдун тематикалык сессияларында биздин министрлер жана эксперттер Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын экономикасын калыбына келтирүү, бизнес чөйрөнү жакшыртуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө басым жасоо менен өз ара байланышты жакшыртуу үчүн Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашууда.

Бул өзгөчө 2 күн мурун ишин аяктаган Глазгодогу COP26 глобалдык климаттык конференциядан кийин актуалдуу саналат.

Ушуга байланыштуу, премьер-министрлердин деңгээлинде ЕС–БА экономикалык платформасы Борбордук Азия жана Европа биримдиги өлкөлөрү үчүн өз убагында талап кылынган жана жаңыча формат болуп саналат. Эки аймактын бул жогорку форумун өткөрүү өлкөбүз үчүн чоң сыймык.

Форум эки аймактын экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, туруктуу өз ара байланышты бекемдейт жана Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү ченемдик-укуктук базаны жакындаштырууга көмөктөшөт деп ишенебиз. Бул бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуунун контекстинде абдан маанилүү.

Форум ошондой эле интеграцияланган жана өз ара байланышкан аймактык рынокту түзүү үчүн аймакта жасалып жаткан бардык аракеттерди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча чоң программа пландалууда.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жана Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лейен айымдын катышуусунда пленардык жыйын аяктады.

Жүздөгөн катышуучулар биздин ишибизди онлайн режимде көзөмөлдөп турушат жана панелдик сессияларга да катышышат.

Форумдун алкагында бир катар кошумча иш-чаралар, анын ичинде Европанын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүлүүдө.

Борбор Азия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн таанымал эл аралык эксперттери жана мамлекеттик жана жеке секторлордун жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жаңы ыкмаларды жана чечимдерди иштеп чыгуу үчүн конкреттүү жана мазмундуу талкууларды өткөрөт деп ишенем.

Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоо максатында бул Форумду үзгүлтүксүз негизде кезеги менен биздин мамлекеттердин борборлорунда өткөрүп турууну демилгеледи.

Ушуга байланыштуу биз Бишкек шаарында бүткүл региондун өкүлдөрүнүн катышуусунда экономикалык форумдун катчылыгын түзүүнү сунуштадык, ал кийинки Форумду даярдоо жана өткөрүү жана азыркы Форумдун жыйынтыктарына баа берүү менен алектенет. Бул демилге колдоо табат деп ишенебиз.

Форумдун жыйынтыгында ар бир тематикалык сессияда сунушталган сунуштарды эске алуу менен жыйынтыктоочу документ кабыл алынат.

Ошол эле учурда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму деталдуу отчётту жана сунуштарды даярдайт, ал биз үчүн ЕБ-БАнын биринчи Бишкек экономикалык форумунун биргелешкен макулдашууларын ишке ашыруу боюнча кандайдыр бир жол картасы болуп калат.

Сөзүмдүн аягында бул демилгени колдоп, “ЕБ – БА” биринчи экономикалык форумуна жеке катышуусу үчүн биздин өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Пикир

Оставить комментарий