• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

МИК Бишкекте социалдык турак жай кура турган курулуш компаниясын аныктады

Коом 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания борбор калаанын Тунгуч кичи районуна социалдык турак жайларды куруу үчүн курулуш компанияны аныктады. Бул тууралуу МИКтин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Анкара көчөсү, 44 дарегинде 108-сериядагы 55 батирлүү жаңы үй курулат, келечектеги турак-жай комплекси "Түндүк" деп аталат. Аны "Фаворит Строй Групп" компаниясы курат.

"Жеткиликтүү ипотека" программасынын катышуучулары курулуп жаткан объектиден батирди мурдатан түзүлгөн кезекке ылайык сатып ала тургандыгы такталды.

"Насыянын шарттары: жылдык 8%, 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 20%дан кем эмес болушу керек", - деп билдирди МИКтен.

Толук маалымат алуу үчүн бул турак жай программасына кезекте турган катышуучулар "Керемет Банк" ААКсына кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий