• 88.68
  • 95
  • 0.95

Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, консулдук Россия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Россиянын аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ачылды.

"Аталган Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия, Коми Республикаларынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы консулдук округда жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук төмөнкү даректе жайгашкан: Санкт-Петербург шаары, Верейская 9 көчөсү (метро станциялары: Пушкинская жана Технологический институт).

Телефон: +78124182422

Ыкчам байланыш телефону: +78124182422

Электрондук дареги: kgstpetersburg@mfa.gov.kg.

"Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана КР мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09:00дон 13:00го чейин жана 14:00дон 18:00го чейин жүргүзүлөт", - деп кошумчалады ТИМден.

Пикир

Оставить комментарий