• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

РКӨФ 4 жылда уставдык капиталын 60 млн. долларга чейин көбөйттү – Кудяков

Экономика 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 4 жылда уставдык капиталын 60 млн. долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Евразиялык ММКдын II конгрессинде РКӨФ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Олег Кудяков билдирди.

Ал билдиргендей, анын ичинен 30 миллиону фонддун кирешеси, ал эми дагы 30 млн. доллары - тартылган каражаттар.

Кудяков маалымдагандай, фонддун баштапкы капиталы 500 млн. долларды түзгөн.

"Кыргызстанда 25 банк бар. Алар анча чоң эмес, ошондуктан биздин фонд рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт. Биздин капитал Кыргызстандагы бардык банк системасындагы капиталдардан дээрлик ашып түшөт. Ага байланыштуу биз алар менен кылдат мамиле кылууга аракет кылабыз жана алар менен атаандаш болбогонго аракет жасайбыз", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий