• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында 10-сентябрда «Sheraton Bishkek» отелинде түрк жана ата мекендик компаниялардын катышуусу менен кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Аталган иш-чара КР Инвестициялар министрлиги жана Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңеши тарабынан уюштурулууда. Бизнес-форумга түрк тараптан экономиканын түрдүү тармагынан 50 компаниянын катышуусу күтүлүүдө.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик компаниялар Түркиянын мүмкүнчүлүктүү бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан аркы ишкердик кызматташтыкты түзө алышат.

“Иш-чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номер боюнча катталышса болот: 0312 300 232 же WhatsApp 0772 710 333”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий