• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 6 айда инфляциянын көлөмү 7,3 пайызга жетти

Экономика 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 7,3 пайызды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымына караганда, тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 11,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 4,1 пайызга өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,2 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң өсүш картошкага болгон баанын кескин өсүшү 1,7 эсеге, жаңы жер-жемиштер 32,1 пайызга, тамак аш майлары 22,8 пайызга, кумшекер 22,5 пайызга, жаңы бышкан мөмө жемиштер 18,8 пайызга, гречка азыктары 18,4 пайызга, кой эти 17,8 пайызга, балык 7,7 пайызга, уй эти 5,9 пайызга, алкоголсуз суусундуктар 4,5 пайызга жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий