• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Кыргыз-кытай бизнес форуму эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүүдө башкы ролду аткарат

Экономика 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргыз-кытай бизнес форуму эки өлкө ортосундагы соода-жана инвестиция тармагындагы кызматташууну кеңейтүүдө башкы ролду аткарат. Бул тууралуу кыргыз-кытай бизнес форумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, бул бизнес форум Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары жана КРнын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын утурлай өткөрүлүүдө.

"Төрага Си Цзиньпиндин "Жибек жолунун экономикалык алкагын" биргелешип куруу тууралуу концепциясын билдиргенден кийин кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге чыгып, өкмөттүн деңгээлинде да, Кыргызстан менен Кытайдын бизнес чөйрөсүнүн ортосунда активдүү кызматташуу байкалууда. Буга байланыштуу кыргыз-кытай бизнес форумун өткөрүү эки өлкө ортосундагы соода-жана инвестиция тармагындагы кызматташууну кеңейтүүдө башкы ролду аткарат", - деди ал.

Боронов соода-экономикалык кызматташуу тууралуу айтып жатып, 2018-жылы КЭРдин чет элдик түз инвестициялары 338 млн. 92,6 миң доллар болгонун белгиледи. Негизинен инвестиция кен-байлыктарды казуу (54,3%), кайра иштетүүчү өндүрүш (23%), илимий, техникалык ишмердикке (23%) жумшалган.

Пикир

Оставить комментарий