• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салыкты эске албаганда. Кыргызстанда февралда бензин баасы 52 сомго чейин арзандашы мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда февраль айында кошумча нарк салыгын эске албаганда бензиндин баасы 52 сомго чейин арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-январда Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Энергетика министрлигинин, Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын катышуусунда республиканын мунай жана мунай продуктулары рыногундагы учурдагы кырдаалды талкуулоо боюнча жыйын өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар белгилегендей, бүгүнкү күндө республика мунайга жана мунай продуктуларына болгон ички керектөөнү өзүнүн өндүрүшү/өндүрүшүнүн эсебинен, ошондой эле “Кыргызстандын өкмөтү менен Россиянын мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча кызматташуу жөнүндө” макулдашуунун алкагында Россиядан импорттоо эсебинен алымсыз негизде камсыздайт.

Ошентип, 2023-жылга ушул макулдашууга ылайык, алымсыз жеткирүү боюнча төмөнкү индикативдик баланстар бекитилген:

Автобензин 460 миң тоннада;

Дизель майы 485 миң тоннада;

Авиа күйүүчү май 150 миң тоннада;

Чийки мунай 50 миң тоннада;

Битум мунай 60 миң тоннада.

Тараптар 2023-жылы Кыргызстанга аймагына мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашышты.

Ошону менен бирге, 2023-жылдын 2-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын аягына карата болгон индикативдик баланстар жетишсиз болгон учурда Энергетика министрлиги келишим боюнча индикативдик калдыктарды көбөйтүүгө Россиянын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү баштайт.

Ошондой эле Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы бүгүнкү күндө мунайзаттарына болгон баанын төмөндөө тенденциясы байкалып, үстүбүздөгү жылдын февраль айында баалар литрине 52 сомго (КНСсиз), 2023-жылдын январына салыштырмалуу литрге, башкача айтканда, 5-6 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий