• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы: Тогуз ай аралыгында 37 салыкчы жазаланды

Экономика 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын тогуз ай аралыгында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 37 салыкчы жазалады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Жалпысынан ушул мезгилде Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 130 кайрылуу жана даттануулар келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу түрүндө – 50 билдирүү, электрондук почта боюнча – 36, “ишеним телефонуна” – 41 жана ММК аркылуу – 3.

Келип түшкөн арыздардын 103 – салык органдарынын кызматкерлеринин укукка сыйбаган аракеттерине тийиштүү болсо, 27 – ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы жөнүндө маалыматта болгон. Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 45 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 38 – тастыкталды, 2 – жарым- жартылай тастыкталды, 14 – кароо стадиясында турат жана маалымат үчүн – 4.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер жазанын ар кандай түрлөрүн алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулса, 8 – катуу сөгүш, 11 – сөгүш, 8 – эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 27 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 11 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, 2 – жарым-жартылай ырасталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. 12 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, кароо стадиясында 2 факт бар.

Мындан тышкары, жыл башынан тартып МСКнын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда 72 жаран болду, алардын ичинен 39 адам жеке маселелер боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 26 адам, кадрдык маселелер боюнча – 7 жаран болду.

Салык кызматынын системасында жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында тартылган 61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги жана коомдук кабылдама иштээрин Салык кызматы эскертет. Бул жарандарга ыңгайлуу формада – кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет.

Жарандар салыкчылардын иштерине гана эмес, салык мыйзамдарын бузуу менен иш жүргүзүп жаткан ишкерлерге карата да даттануу менен кайрылса болот.

Салык кызматы келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн хронометраждык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий