• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бюджеттин сентябрь айындагы кирешеси 10,9 млрд сом, чыгашасы 10,7 млрд сом болору болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Сентябрь айына карата бекитилген кассалык планга ылайык республикалык бюджеттин кирешелери 10 млрд 949 млн 196,3 миң сом болору пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгашалары 10 млрд 736 млн 128,9 миң сомду түзөрү болжолдонууда.

Республикалык бюджеттин бир айлык кассалык планына төмөнкүлөр кирет:

- ай башындагы бюджеттик каражаттардын калдыгы;

- алдыдагы айга карата республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көрсөткүчүнүн планы;

- өкмөттүн милдеттенмелерин аткаруу менен байланышкан алдыдагы айга карата чыгаша жана төлөмдөрүнүн көрсөткүчүнүн планы.

Пикир

Оставить комментарий