• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 22,7 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2022-жылдын январь-май айына 22 млрд 746,8 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары — 3 млрд 668,5 млн сом;

- Чүй облусу — 3 млрд 443,7 млн сом;

- Нарын облусу — 1 млрд 805,4 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 2 млрд 071,5 млн сом;

- Талас облусу — 942,2 млн сом;

- Ош шаары — 816,5 млн сом;

- Ош облусу — 4 млрд 174,1 млн сом;

- Баткен облусу — 1 млрд 907,7 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 3 млрд 917,3 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын май айына 4 млрд 580,1 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий