• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар жогорулаган

Экономика 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 3,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Ал маалымдагандай, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 6,1 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,3 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга-2,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер 3,5 пайызга жогорулады.

Жумалиев үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалгандыгын кошумчалады.

"Мында баалардын (6,8 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (6,1 пайызга) жогорулашы менен шартталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий