• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы Ысык-Көлгө дем берүүчү гранттын эсебинен 197,1 млн сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. 2024-жылга Ысык-Көл облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 197,1 млн сом бөлүнөт.

Финансы министрлигинен маалымдашкандай, бул каражатка аймакта 66 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Анын ичинен:

  • Ысык-Көл району — 15 объектиге 36,4 млн сом;
  • Түп району — 11 объектиге 29,6 млн сом;
  • Ак-Суу району — 12 объектисине 40,9 млн сом;
  • Тоң району — 12 объектиге 35,9 млн сом;
  • Жети-Өгүз району — 7 объектиге 29,2 млн сом;
  • Балыкчы шаары — 3 объектисине 9,5 млн сом;
  • Каракол шаары — 6 объектиге 15,6 млн сом.

Жалпы:

  • 24 мектепке –— 65,1 млн сом;
  • 2 саламаттыкты сактоо мекемелерине — 6,6 млн сом;
  • 12 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 46,0 млн сом;
  • 3 спорттук курулуштар — 10,9 млн сом;
  • 14 маданий маанидеги объектилерге — 37,6 млн сом;
  • 11 бала бакчага — 30,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий