• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл! Ошто мааракеге карата конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрель Ош мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялык областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган "Иманалы Айдарбеков — биринчи жетекчи" аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Мэриядан маалымдашкандай, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, билим берүү министринин, маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары, ОшМУнун профессордук курамы катышышты.

Конференциянын алкагында Иманалы Айдарбековдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана экономика тармактарынын өнүгүшүнө кошкон салымы боюнча баяндамалар жасалып, Жогорку Кеңештин атынан Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий