• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алайдагы памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт

Билим 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы №67 кесиптик лицейде памирлик кыргыздар электр газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча окутула баштайт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде аталган кесиптик лицейдин администрациясы жана өндүрүштүк окутуунун устаттары Афганистандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, лицейде окуй тургандардын тизмесин түздү.

Лицейдин администрациясы Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кат жолдоп, жыйынтыгында памирлик кыргыздар жумушсуздардын катарына кабыл алынып, №67 кесиптик лицейине окууга жөнөтүлө турган болду.

Пикир

Оставить комментарий