• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Антальядагы дипломатиялык форумга катышат

Саясат 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-3-мартта Антальяда өтчү 3-Анталья дипломатиялык форумуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, форумдун алкагында министр Жээнбек Кулубаевдин бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары, ошондой эле панелдик сессияда сөз сүйлөөсү пландалууда.

«Кризис учурунда дипломатияны өнүктүрүү» деген темага арналган форумга 60тан ашык өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле 80ге жакын эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий