• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында өткөн “Лидер” иш-чарасы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында өткөн “Лидер” иш-чарасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар иштери боюнча инспекторлору 3 күндүк “Лидер” иш-чарасынын жүрүшүндө шаар аймагында жайгашкан билим берүү мекемелерине барып өспүрүмдөр менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мындан сырткары, өспүрүмдөр менен тегерек столдорду, ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер жана алардын жоопкерчиликтери боюнча сабактар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында КР Укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде 2 жаранга протоколдор толтурулуп, айыппулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий