• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Ошто жол кырсыгынын кесепетинен эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош-Исфана жолунун 26-чакырымында Ноокат шаардык "Тазалык" ишканасынын, таштанды таашуучу трактору чиркегичи менен жолдо оодарылып кеткен, ичинде 2 эркек киши болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылган. Алар тракторго кыпчылып калган 59 жаштагы К.А. аттуу жаранды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми экинчи Т.А. аттуу 51 жаштагы жаран куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча трактордон чыккан. Абалы орто деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий