• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облустук милициясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын улантышууда

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо жана алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, жарандардын саламаттыгына кам көрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорунун кире бериштеринде санитардык-карантиндик посттордо күн-түн дебей текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган посттордо кызмат өтөгөн тартип сакчыларынын негизги милдети коомдук коопсуздукту сактоо болуп эсептелет. Кырдаалга байланыштуу кызматкерлер жарандарга жеке коопсуздукту сактоону, эл көп топтолуучу жерлерге барбоону, мындан сырткары, соода түйүндөрдө беткап жана антисептик колдонуп кирүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле бул аралыкта милиция кызматкерлери жарандарга бекер беткаптарды таратып берип, жакындарынын жана өздөрүнүн коопсуздугун эске алууну эскертип келишти.

Өз өмүрүн тобокелге салган милиция кызматкерлери 11-майда жумушка чыккан кызматкерлерге санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти. Ошондой эле эл көп чогулган коомдук жайларга анын ичинде базар, кичи маркеттерге жарандарды беткап менен кирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Нарын ОИИБнын жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдүрүнө атайын антисептиктер, тепловизорлор коюлуп, кирип-чыккан кызматкерлер, жарандар текшерүүгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий