• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирбек Кожоев Түп районунун калкы менен ирригация, үрөн, жайыт маселесин талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Кечээ, 17-февраль күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Түп районунун Арал айыл аймагынын эли менен Сары-Дөбө айылында жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга район акими жана райондук мекеме жетекчилери катышты. Анда жергиликтүү тургунлар облус башчыга жана райондук жетекчилерге көйгөйлөрүн айтып кайрылышты. Негизгилер болуп ирригация, үрөн сатып алуу, жайыт маселелери көтөрүлдү.

Облус жетекчиси тийиштүү жетекчилерге айтылган маселелер боюнча тез арада чечим кабыл алып, чечип берүүлөрүн тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий