• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында Нооруз майрамына карата чоң программадагы маданий иш-чара өттү. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип, чоң программадагы маданий иш-чара менен коштолду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Майрамдык салтанат Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянта өтүп, жергиликтүү тургундарды Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев куттуктады.

Иш-чара жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концентти менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий