• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Ошто Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарага катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март – Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы жарандарды мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан ыйык Рамазан айы жана Нооруз майрамы менен куттуктады.

Алгач министрлер кабитинин төрагасы Акылбек Жапаров ар бир аймак боюнча министрлер кабинетинин ачык жана так пландары бар экенин билдирди.

“Ордолуу Ош жергеси – республикалык масштабдагы экинчи чоң шаарыбыз жайгашкан жер. Азыр Ош шаарынын аянты 2,5 эсеге кеңейди, элинин саны 100 миң адамга көбөйдү. Былтыр шаардын таза суу көйгөйүн чечип бердик. Дүйнөлүк жаңы мейкиндиктерди ачкан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – транзиттик ири долбоор, Ош шаары – бул жолдо тосуп алчу биринчи дарбаза болот. Урматтуу Ош шаарынын тургундары, шаар мэриясынын эң сонун пландары бар. Ар бир жетекчи менен ынтымакташып иштешесиздер деп ишенебиз. Ош шаары заманбап шаар болот” - деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров чек ара, аймактык бүтүндүк тууралуу айтып, алар көздүн карегиндей сакталарын билдирди.

“Быйыл кыргыз-автономиялуу облус болгонубузга 100 жыл болот. Мамлекети бар – бул чоң бакыт! Бүгүн кошуналар менен чек аралар такталып, чечилип жатат. Садыр Нургожоевич менен – боордош Өзбекстан мамлекети менен 30 жылда чечилбеген чек арабыз 100% чечилди. Тажикстан мамлекети менен да – күнүгө бир метр жердин маселесин чечүүнүн үстүнө тынымсыз иштер болуп жатат. Ар дайым Ата Мекенибизде тынчтык болсун”, - деди МинКаб Төрагасы.

Акылбек Жапаров өлкөнүн экономика тармагындагы иштерге да токтолуп, ички дүң продукция 2023-жылы 1,2 трлн сомго жеткенин, өсүү темпи 8,6%га чейин туруктуу сакталып жатканын айтып, анын арты менен пенсия, пособия, айлык акылардын жогорулаганын жана бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Бүгүн табиятта күн менен түн теңелет. Нооруз – токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын башаты болгон жаз майрамы. Нооруз майрамы бардык аруу ой-тилектерибизге жаңыланууну жана тазалыкты берсин”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, “Нооруз – 2024” жаз майрамына карата жети кыргыз боз үйү тигилип уюштурулган, “Кыргыз шырдак” көргөзмө жарменкесине катышты. Мындан тышкары, келген конокторго “Ноорузду даңазалоо” театралдык оюн-зоок программасы тартууланды.​​​​​​​

Пикир

Оставить комментарий