• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри “Курманжан датка” башкармалыгынын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.03.24./Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар четинде жайгашкан Озгур айылындагы "Солнечный-Родник" дача конушунда болуп, Төрөбек Абакир уулу, Тутовая, Исанов, Касымов, А.Масалиев көчөлөрүнүн жашоочуларынын балдар аянтчаларын уюштуруу, ички жолдорго асфальт төшөө, социалдык объектилердин жанындагы башаламан унаа токтотуучу жайды алып салуу, суу, газ менен камсыздоо боюнча маселелерин укту.

Мэр мындан сырткары 222, 223-кварталдардын тургундары менен дагы жолугушуу өткөрдү.

Мында жарандар тарабынан мүрзө үчүн жай табуу, автобустук каттам ачуу, бала бакчаларды куруу, жолдорду оңдоп-түзөө, суугат суу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Натыйжасында тиешелүү муниципалдык кызматтарга жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий