• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу кызуу жүрүүдө (видео)

Аймак 0


Бишкек. 21.03.24. /Кабар/. Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Айланма жолдун узундугу 14 чакырымга жакын, эни 22 метр. Ал Өзгөн районуна караштуу Кароол жана Ана-Кызыл айылдарын байланыштырат. Анын ичинде узундугу 197 жана 77 метрден турган эки көпүрө курулат. Натыйжада, Бишкек – Ош унаа жолундагы жол тыгынды азайтат.

"Өзгөн шаарын аралап өткөн айдоочуларга, эми шаарга кирбей өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий