• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө айыл чарба жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Ысык-Көл районундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда Фермер күнүнө карата айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманкеде айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукциялары көрсөтүлдү.

Иш-чарага Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Максатбек Сарбагышев, Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев, Агро бизнес өнүктүрүү борборунун директору Т.Беков катышты.

“Бүткүл Дүйнөлүк Банк” тарабынан каржыланып жаткан “Сүт өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбооруунун алкагында район боюнча 30 топтон түзүлгөн лидерлерге жана 750 адамга ар бирине күбөлүктөр жана белектер тапшырылды.

Ошондой эле чакан концерттик программа уюштурулуп, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн Алкыш барактары жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Ардак грамотасы, Ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий