• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24./Кабар/. Ошто таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Маалыматка ылацйык, бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди.

Калаа башчысы аталган долбоордун маанилүүгүн белгилеп, алдыда жасалчу иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коет. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) колдоосунун астында Ак-Буура дарыясынын жогорку тарабынан таза суу тартуу максатында ишке ашууда. Шаар аймагы кеңейип, калктын саны улам өсүп жатат. Андыктан таза сууга болгон муктаждык күн санап арта берет.

Бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдык сууга болгон муктаждык чечилет.

Пикир

Оставить комментарий