• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Туризм жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 11.01.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Туризм жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (10-январь 2024-жылы) КРнын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы туристтик тармактагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өркүндөтүү, туристтердин жана туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий