• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө мектеп китепканалары компьютердик жабдуулар менен камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө мектеп китепканалары компьютердик жабдуулар менен камсыздалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл районунда жайгашкан 30 мектептин китепканаларын жана райондук билим берүү бөлүмүн, ошондой эле өлкө боюнча 10 “келечек мектебин” компьютердик жабдуулар менен камсыз кылууну баштады. Бул жабдуулар “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасынын пилоттук иш-аракеттери үчүн арналган.

Автоматташтырылган маалыматтык система республиканын мектептеринин китепканаларында электрондук эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана окуу китептерине буюртма берүү үчүн долбоордун колдоосу менен иштелип чыккан. Жабдуулардын комплекттеринин ичинде компьютерлер, сканерлөө, көчүрүп алуу жана басып чыгаруу үчүн көп функционалдуу шаймандар, ошондой эле QR коддор үчүн шаймандар бар. Комплекттер 2018-2019-окуу жылынан бери Кыргыз Республикасынын мектептеринде иштеп жаткан окуу китептерин ижарага берүү системасындагы процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу максатында мектеп китепканачылардын гана колдонуусуна арналган.

Пилоттук иш-аракеттердин натыйжаларынын негизинде “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасын республиканын бардык билим берүү мекемелерине киргизүү пландаштырылган. Азия Өнүктүрүү Банкынын техникалык жардамы менен, кийинки жылдын башында маалыматтык системасын толук жайылтуу жана өлкөнүн мектеп билиминин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын бардык китепканаларын жабдуулардын комплекттери менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий