• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө айыл чарба багытындагы эл аралык саммит өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 27-29-августта Ысык-Көлдө "Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик" аттуу эл аралык саммит өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги вертикалдык жана горизонталдык интеграциянын натыйжалуу моделдери каралды.

Пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар камтылды. Көргөзмөнүн алкагында агробизнес адистерине модернизациялоо чечимдери сунушталды.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов сөз сүйлөп, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өз ара аракеттешүүсү, фермерлер үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү, эл аралык кызыкчылыктарды бириктирүү зарыл экенин жана мунун баары интеграция түшүнүгүнө кирерин белгиледи.

Саммиттин алкагында агробизнести интеграциялоонун ийгиликтүү учурлары каралды. Ал эми саммиттин катышуучулары эл аралык уюмдардын, Айыл чарба ишканаларынын, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана башка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ассоциацияларынын өкүлдөрү жана практиктери менен дискуссияга катышты, алар заманбап технологиялар менен таанышып, практикалык мастер-класстардын алкагында эксперттерге суроолорун узатышты.

Саммит фермерлерге, айыл чарба ишканаларынын жетекчилерине жана адистерине, айыл чарбасы үчүн жабдууларды жана өндүрүш каражаттарын берүүчүлөргө, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, финансы секторунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-сатыктын өкүлдөрүнө багытталган. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын өкүл катышты.

Саммитке Австрия, Араб Эмираттары, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, АКШ жана башка өлкөлөрдөн 30дан ашык спикер-эксперт катышып, Австрия, Англия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Корея, АКШ жана башка өлкөлөрдөн келген 20га жакын компаниялардын агрардык өндүрүшү тааныштырылды.

Саммит өнөктөштөр менен биргеликте Айыл чарба министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын расмий колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий