• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт башчы сырттан келген керектүү дары-дармектер туурасында айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде сырттан келген керектүү дары-дармектер туурасында айтып берди.

Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө медкызматкерлердин жетишсиздиги менен бирге дары-дармектер боюнча дагы көйгөй бар.

“Илдет пайда болгон күндөн баштап коронавируска каршы күрөшүүгө колдонуучу дарылардын сыртка чыгуусуна (экспортко) өкмөттүн атайын чектөөсү киргизилген. Келген керектүү дары-дармектер тууралуу айтсам, 6-июлда 100 таңгак Клексан санофи дарысы, 10-июлда кайрадан 1 миң 500 таңгак Клексан санофи дарысы, 11-июлда 15 таңгак Гепарин дарысы, 8-июлда 1 миң 500 таңгак Фленокс дарысы, 9-июлда дагы 2 миң 601 таңгак Клексан санофи дарысы Кыргызстанга келди”, - дейт ал.

Ал 14-июлга карата Клексан санофиден 3 миң 500 таңгак, Эниксумдан 960 таңгак Кыргызстанга бир компаниядан келгенин билдирди.

“Башка бир компаниядан Эниксумдан 800 таңгак, дагы бир компания Гепаринден 4 миң 240 таңгак алынып келди. Бир күндө келип түшкөн дары-дармектердин жалпы саны Эноксапариндин 5 миң 260, Гепаринден 4 миң 240 таңгак келди. Ал эми 15-июлда Фраксипаринден 1 миң таңгак, Россиядан Эноксапарин дарысынын 1 миң таңгагы 15-20-июлда, Клексан санофиден 500, Гепаринден 15 миң таңгак келет. Ошондой эле дагы бир компаниядан 15-20-июлдарда Клексан санофиден 71 таңгак, Фраксипаринден 510 таңгак, Клександан 1 миң 800 таңгак келүүсү күтүлүүдө”, - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий