• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Кашгарда бир катар компаниянын өкүлдөрү жана банктардын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу районуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кашгар шаарында бир катар компаниялардын өкүлдөрү жана СУАРга негизделген банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

«Саясий диалогдун жогорку деңгээли-Кыргызстан менен Кытайдын региондорунун арасында экономикалык маселелерди илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Кытай компаниялары эл аралык жана инфраструктуралык, анын ичинде курулуш, гидроэлектростанция, жолдорду куруу, аэропортторду модернизациялоо багытындагы долбоорлорду ишке ашырып жатышат»-деди Акылбек Жапаров СУАРдагы банкттардын жетекчилери менен жолугушууда.

Минкаб башчысы Кытайлык банкттарга Кыргызстанга инвестиция салуу жолдорун, гидэнергостанцияларды, күн жана шамал электростанцияларын куруу долбоорлоруна катышууну карап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле минкаб башчысы «Сани» компаниясынын жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуу шарттары туурасында айтып берди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кызыл Суу-Кыргыз автоном облусунда жайгашкан айыл чарба продукцияларын иштетүүгө, сактоого жана экспорттоого багытталган ири компаниянын жетекчилиги менен сүйлөштү.

Бул жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандан таза экологиялык айыл чарба продукцияларын Кытайга жеткирүү жана көзөмөл кампаларында сактоо, андан ары рынокко чыгаруу боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий