• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 3;
- Ош облусунда – 1;
- Чүй облусунда – 5;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Талас облусунда – 1.

Белгиленгендей, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий