• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок,-деп кабарлашты КРнын Россиядагы элчилигинен.

Билдирүүгө ылайык, Москванын Строгино районундагы “Синдика” курулуш базарынан чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Эске сала кетсек, кечээ, күндүз Москванын түндүк-батыш тарабындагы Москва айланма автожолунун 65-чакырымында жайгашкан "Синдика" соода борборунан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий