• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды

Кырсык 0


Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн балконунда кыз ылдый секирүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Ош шаарынын милиция кызматкерлери тез арада жетишип, ал жердан ӨКМ кызматкерлери жана тез жардам дарыгерлери менен биргеликте ыкчам жана шайкеш иш алып барышып, кыздын балкондон ылдый секирип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, кызды өлүмдөн сактап калышты.

Кийин Ош шаарынын жашоочусу турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечип, жашап жаткан үйүнүн балконунун тосмосунан ашып чыкканда, өтүп бара жаткандар көрүп калганы белгилүү болгон.

Ошентип, өз убагында келген милиция, ӨКМ жана тез жардам кызматтары биргелешип жүргүзүлгөн иш-аракеттер менен кырсыктын алдын ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий