• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө 5 тонна картошка күйүп кетти – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.22. /Кабар/. Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыгып, 5тонна картшка жараксыз болуп калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө райондук №39 өрткө каршы бөлүмдөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 14 :30да толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен кампанын 250 чарчы метри, 200 түк саман өрттөнүп, 5 тонна картошка жараксыз абалга келген.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий