• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дарылардын баасын негизсиз жогорулатуу, мыйзамсыз ташууга байланыштуу 27 факты катталды – премьер-министр

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Дары-дармектин баасын негизсиз кымбаттатуу, мыйзамсыз ташуу жана башкалар боюнча жалпы 27 факты катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда медициналык каражаттардын (беткаптардын) баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш каралып жатат.

“Дары-дармекти мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 факты катталды. Кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын атайылап жасап жаткандарга карата 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Кампалардан: гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физраствор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды катып алышкан. Кымбат сатып жаткан алып сатарларга карата 8 факт аныкталды”, - дейт ал.

Боронов белгилегендей, Финпол тарабынан бааларды негизсиз кымбаттаткан дарыканаларга, монополисттик келишүүлөрдү түзүп алган физикалык тараптарга, алып сатарларга карата чаралар күчөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий