• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер: Өнөктөштөрдөн келген каражаттарды чоңдор "жеп" жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов социалдык түйүндөрдө эл аралык өнөктөштөрдөн келген каражаттарды чоңдор "жеп" жатат деген маалыматты четке какты.

Ал өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдиргендей, кайсы бир мамлекеттик органдын кызматкери ушундай ишке бара турган болсо, анда жоопкерчиликке тартылат. Учурда Финансы министрлиги жана тиешелүү кызматтар тарабынан бул боюнча тыкыр көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр донорлордон келген 600 млн доллар бөлүштүрүлгөндүгүн, ал каражаттар келишим түзүлүп жаткан учурда эле кайсыл багытта жумшалары сүйлөшүлө тургандыгын билдирди.

"Коронавирус пандемиясынан улам алты айдын ичинде биздин бюджетке 13 млрд сомго жакын акча каражаты түшпөй калды. Ага байланыштуу келген каражаттын көп суммасы бюджетти колдоого жумшалды. Бул - пенсия, соцтөлөмдөр, мугалимдердин, дарыгерлердин жана башкалардын маянасы", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий