• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сууга жана электр энергиясына баанын жогорулашы боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт - өкмөт

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Социалдык тармактарда сууга жана электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий түрдө билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарифтерди көтөрүүнү да, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок. Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий