• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов Нарын облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Кочкор, Нарын райондорунун жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эдил Байсалов мектеп бүтүрүүчүлөрүн келечекте мыкты кесипке ээ болуу үчүн туура тандоо кылууга чакырып, ошондой эле окууларындагы ийгиликтерди каалады.

«Мектепти аяктаган соң, силердин алдыңарда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жашоонун ушул баскычында эң негизгиси - бул окуу, жаңы билимге ээ болуу, келечекте өз багытыңардын кесипкөйү болууга мүмкүндүк берүүчү жөндөмдөрдү өркүндөтүү. Англис тилин үйрөнүү жана заманбап технологияларды өздөштүрүү абдан маанилүү жана зарыл», - деди ал.

Жолугушууда бүтүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

Андан соң Эдил Байсалов Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий