• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чет өлкөлүк дипөкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн ооз ачар өткөрүлдү — ТИМ

Коом 0

Бишкек, 21.03.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте ыйык Рамазан айына карата тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин атынан Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн расмий сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы Жээнбек Кулубаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн ыйык Рамазан айы, ошондой эле Нооруз майрамы менен куттуктады. ыйык Рамазан айы ар бир коомдо жана бүтүндөй дүйнөдө ишенимди, сабырдуулукту, тилектештикти жана достукту бекемдеп, исламдын чыныгы маанисин жана жалпы универсалдуу баалуулуктарын алып келээрин өзгөчө белгиледи.

Министр Кулубаев бардык конокторго чың ден соолук, жакшылык жана тынчтык, ошондой эле жетишкендиктерди жана өлкөбүздөгү дипломатиялык ишмердүүлүктөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кеченин жүрүшүндө жалпы мусулмандар үчүн ыйык болгон бул айда куттуктоолор жана жылуу каалоо тилектер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий