• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облустук милициясында ИИМ башчысынын орун басарынын катышуусунда кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү Чүй облустук милициясынын кеңешме залында жолугушуу болуп, ага КР ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Чүй облустук ИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев жана анын орун басарлары ошондой эле облустук шаардык-райондук ИИБдеринин жетекчилиги катышты.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында министрдин орун басары жер-жерлерде алдын алуу жумуштарын жакшыртуу боюнча талаптарды коюп, өтүп бараткан жылды ийгиликтүү жабуу жана алдыдагы майрам учурунда жер-жерлерде алдын алуу жумуштарын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Кеңешмеде министрдин орун басары, катталган кылмыштардын бетин ачуу ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтарга талаптарды коюп, райондук шаардык ИИБдеринин жетекчилерине жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз иш алып баруу, элдин ички иштер органдарына болгон ишенимин жогорулатуу боюнча жумуштар тынымсыз жүргүзүлүүсү зарылдыгын белгиледи.

Жолгушууда өлкө башчысынын жана ички иштер министринин талаптары айтылып, кызматкерлер арасында өз жумушуна болгон жоопкерчиликти дагы да күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен министрдин орун басары тарабынан төмөндөгү талаптар коюлду:

- Чүй облусунун аймагында катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу;

-Жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн социалдык жана башка маселерди көзөмөлгө алуу;

- Уурулук жан башка кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу максатында рейд иш-чараларын байма-бай уюштуруу.

-Кызматтык тартипти сактоо жана кесиптик тажрыйбаларды жогорулатуу боюнча сабактарды ар дайым өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий