• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖЭБден чыккан түтүн, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бригада жиберилди

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бишкектеги Жылуулук электр борборунан түтүн чыгып жатканын "Кабар" агенттигине окуяга күбө болгон жаран билдирди.

Күбөнүн айтымында, ЖЭБден катуу үн чыккан.

"Электр станциялары" ААК Жылуулук электр борборуна окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бригада жиберди. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Учурда ЖЭБге бригада жөнөп кетти. Бригада окуя болгон жерге барганда толук маалымат берилет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий